КӨЭАУда Ачык эшиктер күнү: 4000ден ашык бүтүрүүчүгө багыт берген ири иш-чара өттү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ачык эшиктер күнү жогорку деңгээлде уюштурулуп, келечекке багыт алган жаштар үчүн өзгөчө маанилүү аянтчага айланды.
Алыскы аймактардан жана шаардык мектептерден келген бүтүрүүчүлөр ата-энелери, мугалимдери менен бирге каттоодон өтүп, факультеттер жана колледждер уюштурган мастер-класстарга катышышты. Бул формат абитуриенттерге кесип тандоодо так багыт алууга көмөк көрсөттү.
Расмий бөлүк маданий-эстетикалык борбордо өтүп, университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков куттуктоо сөзүн сүйлөп, турмуштун жаңы баскычына аттанган бүтүрүүчүлөргө кең келечек каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн чагылдырган видеоматериалдар сунушталды.
Кечени таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа коштоп, конокторго майрамдык маанай тартуулады.
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа, больница и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, больница и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст