Алдыдагы майрамдык эс алуу күндөрүн утурлай Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кызматкерлерди колдоого багытталган маанилүү саамалык ишке ашырылды.
Университет жетекчилигинин жана Бириккен кесиптик бирлик комитетинин колдоосу менен окуу жайдын ар кыл түзүмдөрүнөн тандалып алынган 11 кызматкерге Ташкент шаарына эс алуу сапарына жолдомо берилди. Бул мүмкүнчүлүк кызматкерлердин эмгегин баалоо жана алардын социалдык колдоосун күчөтүү максатын көздөйт.
Сапар алдында катышуучулар университет жетекчилиги менен жолугушту. Ректор, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ар бир кызматкердин эмгеги жогору бааланарын белгилеп, жагымдуу эс алуу каалап, жаңы дем-күч менен кайтып келүүгө чакырды.
Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев мындай демилгелер жетекчилик менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашып жатканын айтып, бул иштер мындан ары да улантыларын билдирди.
Техникалык коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу боюнча бөлүмдүн башчысы Мейражидин Егембердиев сапарга чыгып жаткан кызматкерлер үчүн коопсуздук чаралары боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Мындай камкордук чаралары жамааттын ынтымагын бекемдеп, кызматкерлердин эмгегине болгон бааны арттырып, жаңы жетишкендиктерге шыктандырат.
Коммуникация жана медиа департаменти



