Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжинин Педагогикалык сабактар бирикмесинде “Кесиптик билим берүүдө ата-эне менен колледждин байланышы” аталышындагы ата-энелер жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага жүзгө жакын ата-эне катышып, студенттердин келечеги, билим сапаты жана тарбия маселелери кеңири талкууга алынды.
Жыйынды колледждин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Сааданбек уулу Дамир ачып, окуу жайдын негизги максат-милдеттери, миссиясы тууралуу маалымат берип, жаштардын билим алуусу жана тарбиясы боюнча ойлорун бөлүштү.
Жыйындын жүрүшүндө ар бир куратор ата-энелер менен түз байланыш түзүп, студенттердин жетишкендиктери, окуу процесси жана жүрүм-туруму боюнча маалыматтарды сунуштады. Ата-энелер да өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуш-пикирлерин билдиришти.
Иш-чаранын жыйынтыгында ата-эне менен колледждин ортосундагы тыгыз кызматташтык студенттердин ийгилиги үчүн негизги фактор экендиги баса белгиленип, мындан ары да биргелешип иш алып баруу зарылдыгы айтылды.
Коммуникация жана медиа департаменти



