«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»: КӨЭАУда спартакиада жыйынтыкталып, спорттук ийгиликтер белгиленди

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгынын алкагында факультеттердин жана колледждердин студенттери (уландар жана кыздар арасында) катышкан спартакиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Спорт майрамынын алкагында футбол, волейбол, стол үстүндөгү теннис, баскетбол, тогуз коргоол жана ордо сыяктуу спорт түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Таймаштардын жүрүшүндө факультеттер жана колледждер өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүп, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндарды тартуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков куттуктоо сөзүн сүйлөп, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды. Ал студенттердин спортко болгон кызыгуусу ден соолукту чыңдоо менен катар, биримдикти жана мекенчилдик духту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Мындан тышкары, спорт майрамынын алкагында университеттин спортчуларынын жетишкендиктери да өзгөчө белгиленди. Бишкек шаарында «Жаштык» дирекциясы тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Универсиадасынын жогорку лигасында эркин күрөш боюнча КӨЭАУнун командасы байгелүү 3-орунду ээледи. Жыйынтыгында спортчу студенттер жана алардын машыктыруучусу Иляз Комалов сыйланышты.
Ошондой эле, КӨЭАУнун окутуучусу Иляз Комалов эркин күрөш боюнча алтын курду багындырып, чемпион аталды.
Спартакиаданын жыйынтыгында факультеттердин жана колледждердин намысын татыктуу коргогон командалар, ошондой эле жекече мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар университеттин дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Жалпы байге фонду 170 000 сомдон ашык каражатты түздү.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение ‎один или несколько человек, люди играют в баскетбол и ‎текст "‎; 모 AИnnOM 2 عب 요‎"‎‎