КӨЭАУнун Окумуштуулар кеңешинде алдыңкылар сыйланды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кезектеги Окумуштуулар кеңешинин жыйыны салтка айлангандай мыкты жетишкендиктерди белгилөө менен башталды. Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков алдыңкы студенттерге жана окутуучуларга сыйлыктарды тапшырды.
Бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата колледждер арасында уюштурулган «Менин кесибим — бухгалтер» аттуу студенттик таймашта Кубанычбек кызы Айчүрөк «Мыкты оюнчу» номинациясына ээ болуп, ал эми «Актив» командасы I даражадагы диплом менен сыйланды.
Команданын курамында Экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин 2-курсунун студенттери: Ахмедова Амина, Мыйманбаева Диана, Кадыралиева Мээрим, Кубанычбек кызы Айчүрөк жана Үсөнова Айназик болушкан. Алардын жетекчиси — Жолдубаева Гулмайрам Жаркынбаевна.
Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктер да жогору бааланды. Бибинур Тойчиева «Борбор Азиянын мыкты студенти» эл аралык сынагынын жеңүүчүсү аталып, Асель Шералиева «КМШнын мыкты педагогу» эл аралык конкурсунда I даражадагы диплом менен сыйланды.
Окутуучуларга жана студенттерге мыкты ийгиликтерди жаратуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берген университеттин ректору Абдилбает Мамасыдыков да эл аралык мекеме тарабынан Ыраазычылык кат менен сыйланды.
Эскерте кетсек, Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумунда окуу процессин уюштурууда дистанттык окутуу технологияларын колдонуунун абалы жана аны өркүндөтүү багытында аткарылып жаткан иштер боюнча Окуу бөлүмүнүн башчысы Г.Пулатова баяндама жасаса, университетти жана билим берүү программаларын эл аралык рейтингдерге даярдоо иштеринин жүрүшү жана алдыдагы милдеттер боюнча Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору А.Тентимишова баяндама жасап, талкуудан кийин токтом долбоору кабыл алынды.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "មី AиnЛOM P 代"
Возможно, это изображение один или несколько человек и отдел новостей
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, отдел новостей и текст