КӨЭАУнун бүтүрүүчүлөрү Ош шаарындагы вакансиялар жарманкесине активдүү катышышты

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КӨЭАУ) бүтүрүүчү курстарынын студенттери Ош шаарында өткөн «Бош орундар жана кесипке багыт берүү» жарманкесине активдүү катышышты. Иш-чара Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Бул маанилүү иш-чара студенттердин келечектеги карьерасын калыптандырууда өзгөчө роль ойноду. Жарманкенин алкагында бүтүрүүчүлөр иш берүүчүлөр менен түз баарлашып, эмгек рыногунун актуалдуу талаптары жана заманбап тенденциялары тууралуу кеңири маалымат алышты.
Ошондой эле студенттер өз резюмелерин сунуштап, потенциалдуу иш берүүчүлөр менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, алгачкы интервью тажрыйбасын топтошту. Бул алардын өзүн кесипкөй адис катары таанытуусуна жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү.
Жарманкеге катышкан жаш адистер ар түрдүү мекеме-ишканалардагы бош орундар менен таанышып, өздөрүнүн алгачкы жумуш ордун табуу багытында ишенимдүү кадамдарды жасашты.
Бүтүрүүчүлөр мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген уюштуруучуларга жана университет жетекчилигине терең ыраазычылык билдиришип, мындай иш-чаралар өз күчүнө ишенүүнү арттырып, кесипкөй адистерден пайдалуу кеңештерди алууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.
КӨЭАУ мындан ары да бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү ишке орношуусуна багытталган иш-чараларды колдоону улантат.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение ‎текст "‎三 ו!שש..‎"‎
Нет описания фото.
Возможно, это изображение текст