Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маанилүү жолугушуу болуп өттү. Университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте Маариф фондунун өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, студенттердин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери кеңири талкууланды.
Маариф фондунун өкүлдөрү уюм дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да билим берүү мекемелери менен ийгиликтүү кызматташып келе жатканын белгилешти.
Ошондой эле студенттердин сапаттуу билим алып, практикалык даярдыгын бекемдөө аркылуу келечекте жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселеси өзгөчө баса белгиленди.
Мындан сырткары, университеттин Эл аралык департаментинин башчысы, доцент Чынгыз Мамажакып уулу көтөрүлгөн демилгелерди иш жүзүнө ашыруу үчүн атайын жол картасын иштеп чыгып, конкреттүү эки тараптуу келишимдер аркылуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгын билдирди.
Бул жолугушуу эки тараптын билим берүү жаатындагы өнөктөштүгүн бекемдеп, студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.
Коммуникация жана медиа департаменти




