Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети эл аралык өнөктөштүк байланыштарын кеңейтүү багытында дагы бир маанилүү жолугушууну өткөрдү.
Университеттин Эл аралык байланыштар департаментинин директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Чынгыз Мамажакып уулу жана департамент кызматкерлери Малайзиянын NAMA фондунун директору доктор Салих жетектеген делегацияны кабыл алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, илим жана академиялык өнөктөштүк багытындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды.
Малайзиялык тарап студенттерди жана окутуучуларды колдоого багытталган бир катар маанилүү сунуштарын ортого салды. Алардын катарында материалдык колдоого муктаж студенттерге жардам көрсөтүү, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү менен алектенген профессордук-окутуучулар курамына жана жаш изилдөөчүлөргө пайызсыз каржылык колдоо берүү, ошондой эле атайын стипендиялык программаларды ишке ашыруу маселелери каралды.
Өз кезегинде Эл аралык байланыштар департаментинин директору Чынгыз Мамажакып уулу билим берүү тармагында тажрыйба алмашууну күчөтүү, чет өлкөлүк адистердин катышуусунда конок лекцияларды уюштуруу жана академиялык байланыштарды бекемдөө максатында эки тараптуу меморандумга кол коюу сунушун билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдү колдоо жана эл аралык демилгелерди өнүктүрүү боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле жакынкы аралыкта өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу боюнча макулдашуулар жетишилди.
Бул кызматташтык Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык аброюн дагы да бекемдеп, студенттерге, жаш окумуштууларга жана окутуучуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.
Коммуникация жана медиа департаменти




