КӨЭАУнун жамааты “Өлбөс полк” жүрүшүнө активдүү катышты

9-май — Улуу Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгына карата Ош шаарында уюштурулган салтанаттуу иш-чаралардын алкагында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эмгек жамааты “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнө активдүү катышты.
Университеттин окутуучулары, кызматкерлери жана активдүү өкүлдөрү согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн, Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын жана университеттин желектерин желбиретип борбордук аянтты көздөй салтанаттуу жүрүш жасашты.
Аталган жүрүш Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырлардын жаркын элесин эскерүү, алардын эрдигин даңазалоо жана кийинки муундарга тарыхый мурастарды жеткирүү максатын көздөдү.
КӨЭАУ жамааты ата-бабалардын мекен үчүн көрсөткөн каармандыгын урматтоо — ар бир муундун ыйык милдети экенин белгилеп, эскерүү иш-чарасына жогорку уюшкандык жана мекенчилдик маанай менен катышты.
Улуу Жеңиш — элдин эркинин, кайратынын жана биримдигинин символу болуп кала берет.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст