Ысык-Көл жана Таластан келген тынчтык клубдарынын өкүлдөрү КӨЭАУ менен таанышышты

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ысык-Көл жана Талас облустарынан келген тынчтык клубдарынын өкүлдөрү үчүн тааныштыруу иш сапары уюштурулду. Иш-чара жаштардын билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу, кесиптик багыт берүү жана университеттин мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан тааныштыруу максатын көздөдү.
Иш-чарага Ысык-Көл облусунун беш районунан жана эки шаарынан, ошондой эле Талас облусунан келген окуучулар, мугалимдер жана тынчтык клубдарынын өкүлдөрү катышып, жалпы катышуучулардын саны 100дөн ашты.
Конокторду Коммуникация жана медиа департаментинин директору Тургунбай Алдакулов, STEM колдонмо кесиптер колледжинин директорунун орун басары Сагынбек Маманов, ошондой эле университеттин кабыл алуу комиссиясынын техникалык катчысы Бегайым Байиева баштаган окутуучулар жамааты жылуу тосуп алышты.
Тааныштыруу иш сапарынын жүрүшүндө катышуучулар университеттин маданий-эстетикалык борбору, электрондук китепканасы, “Достук” телестудиясы, заманбап окуу кааналары, тил борборлору жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты. Ошондой эле университетте даярдалуучу адистиктер, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык кызматташтык байланыштары жана студенттик жашоо тууралуу кеңири маалымат алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар университеттин билим берүү базасына жана түзүлгөн шарттарына өзгөчө кызыгуу менен көңүл бурушуп, келечекте ушул окуу жайдын студенти болууга ниеттенип жатышканын билдиришти.
Бул жолугушуу жаштардын келечектеги кесип тандоосуна багыт берип, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен аймактардагы жаштар уюмдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түздү.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст
Возможно, это изображение учеба и текст
Возможно, это изображение ‎один или несколько человек, люди учатся, флейта, гобой, кларнет и ‎текст "‎ね sa 力 કं ጋደ ه አይፅ ك- 电 উক نید ॐ 生 ቃቃ 地 مففد 宮 ওল sh 20 Go ලෙ ๑๐ ৩ গ 她 এ্কা क উই গ วอ গ ๑๗ ত ชอ. ๑๖ ॐ ৩ o තල ৩‎"‎‎
Возможно, это изображение один или несколько человек, телевизор и отдел новостей