КӨЭАУнун БАТКЕНДЕГИ “БИЛИМ КЕРБЕНИ” МЕКТЕПТЕРДЕ УЛАНУУДА

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жетектеген жумушчу топтун Баткен облусуна уюштурулган “Билим кербени” иш сапарынын алкагында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү боюнча бир катар мазмундуу жолугушуулар өткөрүлдү.
Жумушчу топ Баткен районуна караштуу Н. Сүйүнов атындагы орто мектепте (Зардалы айылы), З. Ормонов атындагы орто мектепте (Кан айылы), Бото Нарматов атындагы орто мектепте (Кара-Бак айылы), ошондой эле В.И. Ленин атындагы орто мектепте (Баткен шаары) болуп, жогорку класстын окуучулары менен кесип тандоо, келечектеги адистикти туура аныктоо жана сапаттуу билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларга университеттин административдик-чарба иштери боюнча проректору Кумарбек Мисиралиев, Коммуникация жана медиа департаментинин директору Тургунбай Алдакулов, техника илимдеринин кандидаты, доцент Өскөнбай Дилишатов катышып, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин билим берүү багыттары, материалдык-техникалык базасы, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана заман талабына жооп берген адистиктер тууралуу кеңири маалымат беришти.
Иш сапардын алкагында Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектепте өзгөчө маанилүү иш-чара уюштурулду. Белгилүү болгондой, өткөн окуу жылында аталган мектептин 21 бүтүрүүчүсү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетин тандап, студенттик катарга кабыл алынган. Ал эми жалпы эсеп менен ушул мектептен 200гө жакын бүтүрүүчү университеттен билим алып, ийгиликтүү аяктап, коомдун ар кыл тармактарында эмгектенип келишет.
Мындай ишеним жана узак жылдардан берки кызматташтык үчүн университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков мектеп жамаатына ыраазычылык билдирип, мектептин директору Рахманали Султановго билим берүү процессин колдоо максатында мектепке арналган сыйлык катары акыркы үлгүдөгү компьютерди салтанаттуу түрдө тапшырды.
Ошондой эле балдары университетте билим алып, окууда мыкты жетишкендиктерди жаратып жаткан студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылып, алардын бала тарбиялоодогу жоопкерчилиги, билимге болгон колдоосу жана университет менен болгон кызматташтыгы өзгөчө белгиленди.
“Билим кербени” иш-чарасы жаштардын келечек кесибин туура тандоосуна көмөк көрсөтүп гана тим болбостон, мектеп, ата-эне жана жогорку окуу жайдын ортосундагы байланышты дагы бекемдеген маанилүү аянтча болду.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение дерево
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст