КӨЭАУнун профессору Кытайда өткөн эл аралык форумга катышты

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессору, физика-математика илимдеринин кандидаты Жумагул Жээнтаева Кытай Эл Республикасынын алдыңкы билим берүү жана илимий борборлору менен өз ара тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен барып келди.
Профессор Ж.Жээнтаева Кытайдын Синьцзян университетинин Математика жана системалык илимдер институтунда болуп, окуу жайдын жетекчилиги жана илимий кызматкерлери менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө институттун илимий-изилдөө ишмердүүлүгү, билим берүү процесси жана инновациялык долбоорлору менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошондой эле Синьцзян илим жана технология музейинин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, илимди жайылтуу жана жаштарды изилдөө иштерине тартуу боюнча алдыңкы тажрыйбалар каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча бир катар сунуштар айтылып, келечекте тиешелүү келишимдерди жана меморандумдарды даярдоо боюнча макулдашууларга жетишилди.
11–12-июнь күндөрү окумуштуу Жумагүл Кеңешовна Кытай Эл Республикасынын Карамай шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы «Санариптик технологиялар боюнча өнүгүү жана кызматташтык: Кытай – ШКУ» аттуу эл аралык форумга катышты.
Форум Кытай маалыматтык технологиялар академиясы жана Кытай–ШКУ Чоң маалыматтар борборунун Шинжаң бөлүмү тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага ШКУга мүчө мамлекеттердин илимпоздору, эксперттери, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана технологиялык компаниялардын жетекчилери катышышты.
Форумдун пленардык жыйынында профессор Жээнтаева «Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана өнүктүрүү» аттуу темада баяндама жасап, жасалма интеллект, санариптик трансформация, билим берүү жана илим тармагындагы заманбап чакырыктар жана келечектеги өнүгүү багыттары боюнча өзүнүн илимий көз карашын сунуштады.
Мындан сырткары, Кытай маалыматтык технологиялар академиясынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу боюнча пикир алышуулар болду.
Иш сапардын алкагында Кытай мунай университетинин Карамай шаарындагы кампусуна да расмий сапар уюштурулуп, билим берүү, илимий-изилдөө иштери жана академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Аталган иш сапар Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштарын мындан ары кеңейтүүгө, Кытайдын алдыңкы илимий жана билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана университеттин эл аралык аброюн жогорулатууга салым кошту.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение больница и текст
Нет описания фото.
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "中国一中部教育 中国一 中山教育交流合作中心 Центр ы.@ По обмену сотрудничеству мнезбиетабр-канифоачеала областиобразования Формата «ЦентральнаяА Азия Китай» -网 មីះាកជ"