Бүгүн, 18-июнь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Фергана өрөөнүнүн аялдары: аялдар ишкердиги, кызматташтык жана инновациялар» аталышындагы Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү аялдардын ишкердиги боюнча I Эл аралык форум болуп өттү.
Форумдун катышуучуларын КӨЭАУнун ректорунун милдетин аткаруучу, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева баштаган эмгек жамааты жылуу тосуп алды.
Форум Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, «Ишкер айымдар демилгеси» коомдук бирикмесинин, Лидер айымдар ассоциациясынын, Ош шаардык мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулду.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген ишкер айымдар, ошондой эле Өзбекстан жана Латвия мамлекеттеринен келген коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, ишкердикти өнүктүрүү боюнча кызыктуу баяндамаларды сунушташты. Ошондой эле жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Белгилей кетсек, КӨЭАУнун профессордук-окутуучулар жамааты билим берүү жана илимий ишмердүүлүк менен катар ишкердик багытындагы долбоорлорду да ийгиликтүү ишке ашырып келет. Алардын демилгелери аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана шаар инфраструктурасынын жакшырышына өз салымын кошууда.
Аталган форум аялдардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана Фергана өрөөнүндөгү кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду.
Коммуникация жана медиа департаменти





