Алдыңкы окутуучулар жана спортчулар сыйланды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өткөн Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны салтка айланган сыйлоо аземи менен башталды.
Эл аралык медициналык кызматкерлердин күнүнө карата университеттин Медициналык колледжинин билим берүү тармагына үзүрлүү эмгек сиңирген алдыңкы окутуучулары Тайирова Айгүл Абдиллакимовна, Калилова Айсулуу Борубаевна жана Эрматов Азат Зарипбекович окуу жайдын Бириккен кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Сыйлыктарды университеттин ректорунун милдетин аткаруучу, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева жана Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шерали Эгембердиев салтанаттуу түрдө тапшырып, сыйлык ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы үзүрлүү эмгегине жогорку баа беришти.
Ошондой эле сыйлоо аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын кызматкерлери арасында өткөрүлгөн «Ден соолук–2026» спартакиадасында ийгиликтүү катышкан университеттин курама командалары да сыйланды.
Аталган мелдеште университеттин өкүлдөрү шахмат боюнча 1- жана 3-орундарды, ал эми волейбол боюнча 2-орунду камсыздап, окуу жайдын спорттук аброюн дагы бир ирет бийик деңгээлде көрсөтө алышты.
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине тиешелүү сыйлыктар тапшырылып, аларга мындан аркы иштерине ийгиликтер айтылды.
Мындай сыйлоо салтанаты университет жамаатынын эмгегин баалоонун, кызматкерлерди шыктандыруунун жана билим берүү менен катар сергек жашоо образын жайылтуунун маанилүү салты катары өзгөчө мааниге ээ.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст