30-июнь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин окуу жылынын жыйынтыгын чыгарган отуруму болуп өттү.
Ректорунун милдетин аткаруучу, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаеванын төрайымдыгы менен өткөн жыйындын жүрүшүндө университеттин факультеттеринин, колледждеринин, магистратура бөлүмүнүн жана инновациялык мектебинин 2025–2026-окуу жылындагы жалпы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы өнүгүү перспективалары талкууланды. Ошондой эле 2026–2027-окуу жылына окуу сааттарын алдын ала бөлүштүрүү маселеси каралды.
Отурумда гуманитардык-педагогикалык, инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык, тарых-филологиялык, эл аралык медициналык, юридика-экономикалык факультеттеринин, магистратура бөлүмүнүн, Ала-Бука кесиптик колледжинин, Билим берүү инновациялары колледжинин, Медициналык колледждин, STEM колдонмо кесиптер колледжинин жана Инновациялык мектептин жетекчилери 2025–2026-окуу жылындагы ишмердүүлүгү боюнча кеңири баяндама жасап, жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана келечектеги артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат беришти.
Кеңештин жүрүшүндө билим берүү программаларынын сапатын жогорулатуу, лицензиялык талаптарды толук камсыздоо, профессордук-окутуучулар курамынын кесиптик компетенттүүлүгүн өркүндөтүү, студенттердин окуу процессине активдүү катышуусун күчөтүү, илимий долбоорлордун санын көбөйтүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке киргизүү, дүйнөлүк рейтингдерге катышуу, аккредитациядан кийинки иштерди жакшыртуу жана университеттин билим берүү программаларын эл аралык деңгээлге чыгаруу боюнча милдеттер белгиленди.
Ошондой эле мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын талаптарын аткаруу, кызматкерлерди Кыргызтестке даярдоо, коррупциянын алдын алуу, бүтүрүүчүлөрдүн санариптик базасын түзүү, студенттик бизнес-стартаптарды өнүктүрүү, маалыматтык саясатты күчөтүү, түзүмдөрдө коомчулук менен байланыш боюнча медиа адистерин дайындоо жана чыгармачылыкка кызыккан студенттерди колдоо боюнча бир катар маанилүү сунуштар колдоого алынды.
Мындан сырткары, университетте 2026–2027-окуу жылынан тартып KPI системасын толук киргизүү, стратегиялык пландардын аткарылышын күчөтүү, билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу, эл аралык стандарттагы тилдик сертификаттары бар адистерди кадрдык резервге тартуу жана билим берүү процессин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге милдеттер жүктөлдү.
Жыйындын соңунда Окумуштуулар кеңеши университеттин түзүмдөрүнүн 2025–2026-окуу жылындагы ишмердүүлүгүн талкуулап, билим берүү, илим, тарбия, эл аралык кызматташтык жана башкаруу системасын мындан ары өркүндөтүүгө багытталган отуздан ашык пункттан турган Токтом долбоорун кабыл алды.
Кабыл алынган чечимдер жаңы окуу жылында университеттин стратегиялык өнүгүүсүн камсыздоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталды.
Коммуникация жана медиа департаменти









