Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин буйругу менен Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору болуп физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Зулпукаров дайындалды.
Жаңы ректорду университеттин эмгек жамаатына Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова тааныштырды.
Алтынбек Зулпукаров 1989–1994-жылдары Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде билим алып, «Математика, информатика жана эсептөө техникасы мугалими» адистигине ээ болгон.
2010-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын ийгиликтүү жактап, 2014-жылы «Математика» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамын алган. Бүгүнкү күндө 21 илимий макаланын жана 11 окуу-усулдук колдонмонун автору.
Эмгек жолун лаборант жана инженер-программист кызматтарынан баштап, окутуучу, кафедра башчысынын орун басары, декандын орун басары, факультеттин деканы, окуу департаментинин директору, проректор, окуу иштери боюнча проректор, университеттин ректорунун милдетин аткаруучу, «Математика, физика жана окутуунун усулдары» кафедрасынын доценти, ошондой эле «Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо» борборунун башчысы кызматтарында үзүрлүү эмгектенген.
Маалымат катары билдирсек, ректорлук кызматка тандоо ачык конкурстук негизде өткөрүлгөн.
Булак: министрликтин маалымат кызматы





