КӨЭАУнун командасы эл аралык Green & Digital Solutions for Central Asia хакатонунда III орунду ээледи

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин GreenLine Energy командасы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мыкты жаш инноваторлорун бириктирген Green & Digital Solutions for Central Asia эл аралык хакатонунун финалында III орунду жеңип алып, 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү грантка ээ болду.
Хакатондун финалы 2026-жылдын 26–27-июнунда Ысык-Көлдө өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан тандалып алынган 12 команда катышты. Катышуучулар туруктуу өнүгүүгө багытталган жашыл жана санариптик инновациялык долбоорлорун эл аралык калыстар тобуна сунушташты.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин командасы сунуштаган GreenLine Energy долбоору электр энергиясын пайдаланууну натыйжалуу башкарууга багытталган. Система электр энергиясынын сарпталышын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, жоготууларды аныктоого жана ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жардам берет.
Финалга чейин команда эл аралык эксперттердин жетекчилиги алдында ментордук программадан өтүп, бизнес-моделин өркүндөтүп, долбоордун баалуулугун күчөтүп, презентациясын жана питчингин жакшыртты. Натыйжада эл аралык калыстар тобунун жогорку баасына татып, байгелүү үчүнчү орунду камсыздай алды.
Команда утуп алган 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү грантты долбоорду андан ары өнүктүрүүгө, жаңы прототиптерди даярдоого жана пилоттук ишке киргизүүгө жумшоону пландап жатат.
Белгилей кетсек, Green & Digital Solutions for Central Asia хакатону Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ишке ашырып жаткан PROGRESS «Борбордук Азия үчүн жашыл кесиптик көндүмдөр» долбоорунун, Эл аралык электр байланыш союзунун (ITU) жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин уюштуруусунда өткөрүлдү.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин командасынын бул ийгилиги өлкөбүздүн жаш инноваторлорунун потенциалын дагы бир жолу далилдеп, жашыл технологияларды өнүктүрүүгө кошулган маанилүү салым болуп калды.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение динамик и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст