Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн кучагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы өтө жогорку деңгээлде уланууда. Ала-Тоонун төрүндөгү Кырчын жайлоосунда бүгүн улуттук өнөр, салттуу оюндар, кол өнөрчүлүк жана төкмөлүк өнөр бир аянтта айкалышып, келген конокторго кыргыздын бай маданий мурасы өзгөчө масштабда тартууланып жатат.
Бүтүндөй дүйнө элинин башын бириктирген бул тарыхый салтанатка Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети да өзүнүн салмактуу салымын кошууда!
Билим менен маданиятты катар туу туткан окуу жайыбыз Ош шаарынын Ордосунда көчмөндөр оюнуна келген сыйлуу коноктор жана чет өлкөлүк меймандар үчүн кыргыздын ак дасторконун жайып, ата-бабадан калган меймандостук салтыбызды эл аралык деңгээлде даңазалоодо.
Биз үчүн билим берүү — бул тек гана илим үйрөтүү эмес, бул — улуттук өзгөчөлүгүбүздү, каада-салтыбызды сактап, аны дүйнөгө таанытуу!
КӨЭАУнун жамааты эл аралык достуктун көпүрөсү болуп, өлкөбүздүн аброюн бийик өкүлдүк менен коргоп жатканы — ар бирибиз үчүн чоң сыймык!
Биздин максат — заманбап билим, улуттук рух жана дүйнөлүк деңгээл!
Коммуникация жана медиа департаменти






