КӨЭАУда КАДРЛАРДЫ ТАНДОО БОЮНЧА КОНКУРС ӨТТҮ

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу бош кызмат орундарына адистерди тандоо боюнча иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага университеттин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Зулпукаров баштаган жетекчилер жана факультет декандары катышты.
Кадрларды тандоо иши университеттин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, түзүмдүк бөлүмдөрдү квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу жана кесипкөй адистерди тандоо максатында уюштурулду.
Конкурстун жүрүшүндө университеттин ректору Алтынбек Зулпукаров адисти тандоодо анын кесиптик билими жана тажрыйбасы менен катар, жоопкерчилиги, демилгелүүлүгү жана жаңы шарттарда иш алып баруу жөндөмү да маанилүү экенин белгиледи.
Маектешүү учурунда талапкерлердин билими, кесиптик тажрыйбасы, квалификациясы, иш жөндөмдүүлүгү жана кызмат ордуна коюлган талаптарга шайкештиги бааланды. Ар бир талапкер менен маектешүү өткөрүлүп, алардын кесиптик даярдыгы жана кызматтык милдеттерди аткаруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Комиссия мүчөлөрү талапкерлердин документтерин жана маектешүүнүн жыйынтыктарын карап чыгып, белгиленген талаптарга жооп берген адистерди тандоо боюнча тиешелүү чечим кабыл алды.
Квалификациялуу жана өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылган адистердин потенциалын натыйжалуу пайдалануу — университеттин туруктуу өнүгүүсүнүн жана сапаттуу иш алып баруусунун маанилүү шарттарынын бири.
Коммуникация жана медиа департаменти
Нет описания фото.
Возможно, это изображение учеба, отдел новостей и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, отдел новостей и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и отдел новостей
Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек