Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 2026–2027-окуу жылында англис тилин үйрөнүүгө жана эркин баарлашууга кызыккан студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
АКШнын Мэриленд штатындагы Элликотт-Сити шаарынан келген англис тилин окутуу боюнча адис Джереми Робертс Клебан (Jeremy Roberts Kleban) университетте Америка өкмөтү тарабынан каржыланган «Fulbright English Teaching Assistantship» программасынын алкагында эмгектенет.
Бүгүн Джереми Робертс Клебанды университеттин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева жана Эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Чынгыз Мамажакып уулу жылуу кабыл алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө адистин университетте аткара турган иштери, анын ичинде Тарых-филология факультетинин Англис филологиясы кафедрасында штаттык окутуучу катары иш алып баруусу талкууланды.
Ошондой эле студенттер үчүн англис тилинде баарлашуу клубун түзүү маселеси каралды.
Англис тилин үйрөнүүгө кызыккан бардык студенттерди жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга чакырабыз!
Коммуникация жана медиа департаменти




