14-сентябрь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Окумуштуулар кеңешинин 2026–2027-окуу жылындагы кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган отурумга университеттин жалпы профессордук-окутуучулар жамааты катышты.
Окумуштуулар кеңешинде күн тартибине ылайык беш маселе каралып, белгиленген маселер боюнча университеттин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович кенен маалымат берди.
Мында, 2026–2027-окуу жылына карата университеттин функционалдык-структуралык түзүмүн бекитүү маселеси, университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2026–2027-окуу жылындагы отурумдарынын иш планын бекитүү, университеттин 2026–2027-окуу жылындагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча милдеттерди бекитүү жана университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2025–2026 жана 2026–2027-окуу жылдарына бекитилген курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Кабыл алынган чечимдер 2026–2027-окуу жылын уюшкандыкта өткөрүүгө, окуу-тарбия процессинин сапатын жогорулатууга жана университеттин алдыга койгон милдеттерин натыйжалуу ишке ашырууга багытталды.
Соңунда, КӨЭАУнун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент А.З.Зулпукаров жетекчилерге алдыда аткарыла турган иштер боюнча конкреттүү тапшырмаларды берип, жаңы окуу жылы университет үчүн жемиштүү жылдардан болсун деген тилегин билдирди.
Коммуникация жана медиа бөлүмү




