Эне тил-улуттун өзөгү, келечектин күчү

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинде «Эне тилим – улут сыймыгы жана келечеги» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к. Тилекова Назира Дүйшөбаевна, ОшМУнун доценти, п.и.к. Байтикова Бактыгүл Батырбековна, факультеттин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттер катышты.
Жолугушууда кыргыз тилинин коомдогу жана билим берүү тармагындагы орду, жаштардын эне тилге болгон мамилеси, тилди сактоо жана өнүктүрүүнүн заманбап жолдору, ошондой эле санариптик технологиялардын кыргыз тилине тийгизген таасири талкууланды.
Жыйындын негизги максаты — жаштардын эне тилге болгон сый-урматын арттыруу, улуттук аң-сезимди бекемдөө жана кыргыз тилинин келечегин жаш муун менен биргеликте өнүктүрүүгө багыт берүү.
Белгилей кетсек, тегерек стол КРнын Мамлекеттик тил күнүн белгилөө жөнүндө жобого ылайык түзүлгөн бир жумалык иш-чаралардын планынын негизинде уюштурулду.
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, детская игрушка, больница и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди занимаются боевыми искусствами, помост, больница и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, детская игрушка, стол и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, больница и текст