Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде окуу жайлар арасында «Мамлекеттик тилдин санарип дүйнөсүндөгү орду» аттуу көргөзмө-сынак өткөрүлдү.
Сынакка жогорку, орто жана башталгыч билим берүү мекемелеринин окутуучулары жана студенттери катышып, мамлекеттик тилди санариптик чөйрөдө өнүктүрүүгө багытталган презентацияларын тартуулашты.
Катышуучулардын эмгектерин Кыргыз Республикасынынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын санарип жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Эсенов Айзаратбек Каныбекович төрагалык кылган калыстар тобу баалап, жеңүүчүлөрдү аныктады.
Жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон катышуучулар баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чаранын максаты — мамлекеттик тилдин санариптик мейкиндиктеги колдонулушун кеңейтүү жана жаштардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу.
Белгилей кетсек, сынак Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду.
Коммуникация жана медиа бөлүмү



