Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине Япониядан коноктор келди

Делегациянын курамында “Каухар” эмгек агенттигинин башкы менеджери Изуми Азума, фермердик кооперативдин өкүлү Кондо Такаши ж.б. жооптуу кызматкерлер бар.
Конокторду университеттин эл аралык байланыштар департаментинин директору, м.и.к., доцент Чынгыз Мамажакып уулу , эл аралык медицина факультетинин деканы, м.и.к. Ырысбек Алдашукуров, медициналык колледждин директору Насир Талипов жана кафедра башчылары жылуу тосуп алышты.
Коноктор эл аралык медицина факультетинин жана медициналык колледждин окутуучулары, студенттери менен да жолугушту. Жолугушуунун жүрүшундө айыл чарба сектору менен медицина багытынын кесилишиндеги долбоорлорду ишке ашыруу, Японияга ишке жайгашуунун тартиптери, күн чыгыш өлкөсүндө окуунун жол жоболору талкууланды.
Эскерте кетсек, эл аралык медицина факультетинин кафедра башчысы Арынов Замирбек Сапарбаевич өткөн окуу жылында Япония өлкөсүндө иш сапарда болуп келген жана бул делегация өкүлдөрү менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Коммуникация жана медиа бөлүмү
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек и больница