КӨЭАУнун студенттери Кытайдагы эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери Кытай Эл Республикасында өткөн бокс боюнча эл аралык ири иш-чарада жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, жеңиш менен кайтышты.
Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрынан 30-сентябрына чейин Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Корла шаарында «Бир алкак, бир жол» IV Эл аралык жаштар бокс фестивалы жана эл аралык машыгуу лагери болуп өткөн. Кытайдын бокс федерациясы тарабынан уюштурулган бул абройлуу мелдешке дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн эң таланттуу жаш спортчулар катышкан.
Бул мелдешке КӨЭАУнун студенттери Кыргызстандын улуттук курама командасынын экинчи курамынын катарында катышып, өлкө намысын ийгиликтүү коргоп келишти. Атап айтсак, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенттери Расулжанов Искандар 75 кг салмакта алтын медаль алып чемпион болсо, Акрамов Зубайр 65 кг салмакта коло медалга ээ болду.
Бүгүн, окуу жайдын ректору, ф-м.и.к., доцент Алтынбек Зулпукаров бул спортчуларды жеке өзү кабыл алып, жеңиши менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор спортчулардын жеңиши бүтүндөй университеттин сыймыгы экенин баса белгиледи.
Коммуникация жана медиа бөлүмү
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст