Кечээ, 2026-жылдын 8-октябрында КӨЭАУнун билим берүү инновациялары колледжинде мугалимдердин кесиптик чеберчилигин, чыгармачылык жөндөмүн жана педагогикалык талантын даңазалоого багытталган «Устаттык – бул уңгулуу жол» аттуу педагогикалык-чыгармачылык конкурс өттү.
Салтанаттуу иш-чарага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, факультеттердин декандары жана колледждин директору катышышты.
Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн билимин, чечендик өнөрүн, чыгармачылык талантын жана педагогикалык кырдаалдарда туура чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар тарабынан конкурстун бардык катышуучуларына атайын даярдалган баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара билим берүү инновациялары колледжинин математика жана табигый сабактар бирикмеси тарабынан уюштурулду.
Коммуникация жана медиа бөлүмү






