КӨЭАУнун ректору республикалык сынактын жеңүүчүсү Айжан Гафарованы кабыл алды

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, ф-м.и.к., доцент А. З. Зулпукаров университеттин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Гафарова Айжан Октомовнаны кабыл алды.
Айжан Гафарова «Жылдын мыкты мугалими – 2026» Республикалык кароо-сынагында «Мыкты чет тили мугалими» номинациясын жеңип алып, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине жана акчалай сыйлыктарга татыктуу болгон.
Жолугушуунун жүрүшүндө КӨЭАУнун ректору Алтынбек Зулпукаров университеттин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Айжан Гафарованы жетишкен зор ийгилиги менен куттуктап, окуу жайдын Ардак грамотасын жана атайын белектерин тапшырды. Жолугушуунун соңунда Айжан Октомовна өзүнө сапаттуу билим берип, кесиптик жолуна багыт көрсөткөн алтын уясына, жалпы окуу жайдын жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди.
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение текст