2026-жылдын 23-октябрында Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Окумуштуулар кеңешинин үчүнчү отуруму болуп өттү. Жыйынга университеттин ректору, ф-м.и.к., доцент Алтынбек Зулпукаров жана окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү катышты.
Күн тартибинде университеттин 2025–2026-окуу жылындагы мамлекеттик тил, социалдык иштер жана тарбия багытындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, эл аралык байланыштардын өнүгүүсү жана келечектеги пландары каралды.
Бул маселелер боюнча мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, п.и.к., доцент Н.Д. Тилекова, эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Ч. Мамажакып уулу баяндамаларды жасашты.
Ошондой эле «Профессор» окумуштуулук наамын алуу үчүн шайлоо өткөрүү жана тиешелүү документтерди Жогорку аттестациялык комиссияга сунуштоо маселеси талкууланды. Мындан тышкары, ар түрдүү маселелер каралды.
Отурумдун жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, университеттин ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган милдеттер белгиленди.



