КӨЭАУда заманбап спорт аянтчасы ачылды

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде студенттердин жана окутуучулардын сергек жашоо образын колдоо максатында жаңы заманбап спорт аянтчасынын расмий ачылыш аземи өттү.
Спорттук аянтчанын ачылышына КӨЭАУнун ректору, проректорлор, бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, факультеттердин декандары жана коллеждердин директорлору катышты.
Жетекчилик өз сөзүндө жаштарды спортко тартуу жана окуу жайда дене тарбияны өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жаңы аянтчада спорттун бир нече түрү менен машыгууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул шарттар студенттердин бош убактысын натыйжалуу өткөрүүгө жана университет ичиндеги спорттук мелдештерди жогорку деңгээлде уюштурууга өбөлгө түзөт. Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, бул жаңы спорттук аянтча университеттин жатаканасында жашаган студенттер үчүн дагы сонун мүмкүнчүлүк жаратты. Эми мындан нары жатаканада жашаган студенттер алыс барбай эле, бош убактысында спорт менен машыгып, сергек жашоо образын жүргүзүүгө шарт түзүлдү.
Айта кетсек, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети студенттердин спорт менен алектенүүсүнө дайыма өзгөчө көңүл буруп келет. Бүгүнкү күндө университеттин базасында спорттун бир нече түрүнөн машыгууларды өткөрүү үчүн заманбап спорт залдар жана спорт аянтчалар бар.