Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин делегациясы Ферганадагы Борбор-Азия медициналык университетине иш сапар менен барды

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Өзбекстандын Фергана шаарындагы Борбор-Азия медициналык университетинин ректору Н.Ш. Мамасадиковдун чакыруусу менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, ф.-м.и.к., доцент Алтынбек Зулпукаров баштаган делегация аталган окуу жайга иш сапар менен барды. Жолугушуу 1-курстун студенттерин «Студенттикке кабыл алуу» салтанаттуу иш-чарасынын алкагында өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки университеттин ортосундагы кызматташуу келишиминин аткарылышын жана келечектеги пландарды талкуулашты. Өзгөчө көңүл окутуучулар менен студенттердин мобилдүүлүгүн арттырууга, конок лекцияларды, биргелешкен илимий конференцияларды уюштурууга жана кош дипломдуулук программаларын өнүктүрүүгө бурулду.
Мындан сырткары, Өзбекстанда билим алып жаткан кыргызстандык студенттерди КӨЭАУга которуу маселеси каралды.
Делегациянын курамында барган КӨЭАУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Мамажакып уулу Чыңгызбек жана эл аралык медицина факультетинин деканы, м.и.к. Ырысбек Алдашукуровдор өзбекстандык кесиптештери менен өз багыттары боюнча тажрыйба алмашышты.
Иш сапардын алкагында КӨЭАУнун өкүлдөрүнө эл аралык деңгээлдеги сыйлыктар тапшырылды. Алсак, “Scientific Academy” илим-марифет борборунун 2026-жылдын 20-октябрындагы №85 буйругуна ылайык, КӨЭАУнун ректору Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) деңгээлинде уюштурулган “EL-YURT FAXRI” (Эл-журт сыймыгы) эл аралык эстелик төш белгиси менен сыйланды.
Ошондой эле, “Best Publication” илимий изилдөөлөр борборунун 2026-жылдын 20-октябрындагы №93 буйругуна ылайык, эл аралык байланыштар департаментинин директору Мамажакып уулу Чыңгызбек “OʻZ KASBINING FIDOYISI” (Өз кесибинин берилген инсаны) эл аралык эстелик төш белгисине татыктуу болду.
Возможно, это изображение осветительное оборудование, помост и текст
Возможно, это изображение осветительное оборудование, помост и текст
Возможно, это изображение помост и текст