Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, сынчы жана жазуучу Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына карата «Калем жана сын сыры» аттуу адабий жумалык өткөрүлдү.
15–20-октябрь күндөрү КӨЭАУнун тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында илимий талкуулар, тегерек стол, дебат, көркөм окуу жана адабий сынактар өттү.
Жумалыктын жүрүшүндө студенттер калемгердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышып, анын кыргыз адабиятындагы ордун, сынчылык көз карашын талкуулашты. Ошондой эле «Тулпар канаттуу сынчы» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулуп, «Түштүк кызы» повести жана башка чыгармаларына адабий талдоо жүргүзүлдү.
20-октябрда өткөн «Тулпар сыры — калемде» аттуу жыйынтыктоочу адабий-музыкалык кечеде студенттер көркөм окуу жана сахналык көрүнүштөр аркылуу чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Активдүү катышуучуларды сыйлоо аземи да каралды.
Адабий жумалык жаштардын китеп окууга кызыгуусун арттырып, Камбаралы Бобуловдун чыгармачылык мурасын жайылтууга жана кыргыз адабий сынынын маанисин тереңирээк түшүнүүгө багытталды.
Белгилей кетсек, адабий жумалык Ош шаардык мэриясынын тиешелүү токтомун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. Ал эми жыйынтыктоочу эскерүү кечеси алдыдагы күндөрү Ош шаардык мэриясынын уюштуруусунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык Өзбек музыкалуу драма театрында өткөрүлөт.




