Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди жана жарандарды эскерүү күнүнө карата окуу жайда эмгектенген ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, материалдык жардам берилди.
Иш-чарага КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, п.и.к., доцент Назира Тилекова жана кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев катышты.
Жолугушууда университеттин жетекчилиги Баткен окуясынын катышуучуларына көрсөткөн эрдиги, мекен алдындагы кызматы жана өлкөнүн коопсуздугун коргоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле аларга бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалап, университеттин жана кесиптик бирлик комитетинин атынан материалдык колдоо көрсөтүштү.
Бул демилге мекен коргоочуларынын эмгегин баалоонун, тарыхый окуялардын катышуучуларын урматтоонун жана алардын эрдигин унутпоонун белгиси болду.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Баткен окуясынын төрт ардагери эмгектенет.


