Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, ф.-м.и.к., доцент Алтынбек Зулпукаров баштаган делегация Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия эл аралык билим берүү форумуна катышты.
Бул абройлуу иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан, Польша, Түркия жана Канада сыяктуу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери, алдыңкы окумуштуулар жана эл аралык эксперттер чогулду.
КӨЭАУнун делегациясынын курамында эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Ч.Мамажакып уулу, билим берүүнүн сапатын башкаруу жана сырткы баалоо департаментинин директору, доцент А.Тентимишова, тарых-филология факультетинин деканы, доцент Ж.Каденова жана орус филологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Г.Абдивалиева болду.
Форумдун алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү байланыштарын кеңейтүү максатында Андижан мамлекеттик техникалык институту, ошондой эле Денау ишкердик жана педагогика институту менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койду.
Мындан сырткары, КӨЭАУнун ректору Алтынбек Зулпукаров Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору, профессор Б.Расулов менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда тараптар биргелешкен билим берүү долбоорлорун турмушка ашыруу, кош дипломдуулук программаларын өнүктүрүү, ошондой эле студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн активдүү уюштуруу маселелерин талкуулап, келечектүү пландарды белгилешти.







