Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Дүйшөнкул Чотонов КӨЭАУда болду

Андижандагы расмий жолугушуулардан кийин Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дүйшөнкул Чотонов иш сапары менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди.
Жогорку даражалуу конокту окуу жайдын ректору, доцент Алтынбек Зулпукаров баштаган КӨЭАУнун окумуштуулары жылуу тосуп алышты.
Сапардын алкагында элчи университеттин заманбап материалдык-техникалык базасы, инновациялык окуу лабораториялары, студенттерге түзүлгөн шарттар жана билим берүү тармагындагы акыркы ийгиликтер менен жакындан таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Андижан шаарында жетишилген эки тараптуу макулдашуулар кайрадан талкууланып, 2027-жылдын жаз айларында КӨЭАУнун базасында өтө турган ири эл аралык иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу кадамдары бекемделди.
Возможно, это изображение наручные часы
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и помост