Эки элдин достугун жана илимий алакасын чыңдоо максатында, келерки жаз айларында Ош шаарында ири эл аралык иш-чара өткөрүлөт

Андижан шаарында өткөн «Эне тили – эл байлыгы» аттуу илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дүйшөнкул Чотонов менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги ортосунда эки тараптуу маанилүү сүйлөшүүлөр жүрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар маданий-билим берүү багытындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү максатында биргелешкен пландарды белгилешти.
Ага ылайык, 2027-жылдын жаз айларында Ош шаарында, анын ичинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында чоң масштабдагы иш-чара уюштурууну макулдашты.
Бул келечектүү долбоорду ишке ашырууга төмөнкү тараптар тартылат:
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Андижан мамлекеттик педагогикалык институту.
Пландалып жаткан бул иш-чара эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы тажрыйба алмашууну арттырып, кыргыз-өзбек элдеринин тарыхый, маданий жана илимий байланыштарын дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн билдиришти.
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст