Андижанда кыргыз жана өзбек тилинин күнүнө арналып эл аралык конференция өттү

6-ноябрда Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда Өзбекстан жана Кыргызстан элдеринин достугун, маданий-илимий алакаларын бекемдөөгө багытталган «Эне тили – эл байлыгы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Эки өлкөнүн Эне тили күнүнө карата уюштурулган бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен биргеликте уюштурулду.
Конференциянын алкагында келген коноктор алгач институттун билим берүү деңгээли, илимий-изилдөө багыттары жана эл аралык кызматташтык борборлорунун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып чыгышты. Иш-чаранын расмий бөлүгү институттун Жаштар сарайында эки мамлекеттин гимни менен салтанаттуу түрдө ачылды.
Андан соң Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун жаштар маселелери жана руханий-агартуу иштери боюнча биринчи проректору, профессор Мухаммаджон Парпиев, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дүйшөнкул Чотонов жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин проректору, профессор Аида Балтабаева куттуктоо сөз сүйлөп, өзбек жана кыргыз элдеринин тарыхый тамыры бир экенин, тил ортодогу эң бекем көпүрө болуп кызмат кыларын өзгөчө белгилешти.
Программанын алкагында эки өлкөнүн окумуштуулары тарабынан бир катар илимий баяндамалар жасалды. Алсак, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштууларынан Сажида Эшманова кыргыз жана өзбек тилдериндеги макал-лакаптардын тарыхый лексикасына токтолсо, Өмүркан Алибекова «Кыргыз тили – улуттук өзгөчөлүктүн негизи» деген темада баяндама жасады. Ошондой эле Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун окумуштуулары өзбек тилинин дүйнөлүк тилдер системасындагы орду жана Өзбекстанда кыргыз тилин окутуунун, сактоонун тажрыйбалары менен келечеги тууралуу кенен кеп кылышты.
Эл аралык конференция Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда өзбек жана кыргыз тили багытында билим алган таланттуу студенттер тарабынан даярдалган, эки элдин улуттук баалуулуктарын, адабиятын жана маданиятын даңазалаган адабий-музыкалык концерттик программа менен коштолуп, тараптар бири-бирине эстелик белектерин, окуу китептерин тапшырышты.
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение кларнет, помост и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей, помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это иллюстрация (текст)
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение помост
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст