Жаш балдарга арналган Жаңы жылдык кече өттү

Бүгүн, 27-декабрь күнү Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бириккен профсоюз уюмунун Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын жана кызматкерлеринин жаш балдарына арналган Жаңы жылдык кечеси өттү.
Ага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, жана окутуучулар жамааты жаш балдары менен катышты.
Майрамдык иш-чарада, “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун таланттары тарабынан Аяз ата, Аяз кыздын катышуусунда театралдашкан жомок көрсөтүлүп, жалпыга ыр, бий тартууланды.