ЖОЖдор аралык “Математиканы жана информатиканы окутуунун актуалдуу проблемалары” илимий-методикалык семинардын кезектеги отуруму болуп өттү.

2023-жылдын 25-ноябрь күнү ЖОЖдор аралык “Математиканы жана информатиканы окутуунун актуалдуу проблемалары” илимий-методикалык семинардын кезектеги отуруму Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында болуп өттү.
Бул ЖОЖдор аралык илимий-методикалык семинар 2016-жылдын 2-
январь күнү түзүлүп, ошол күндөн бери ОшМУнун профессору Мейликан
Алтыбаева жетектеп келе жатат. Аталган илимий-методикалык семинарга ОшМУ, КӨЭАУ, ОшМПУ, ОшТУ жана Таш-Көмүр шаарындагы ИТЭИ (Инновациялык технологиялар жана энергетика инситуту) окуу жайларынын математика, физика жана информатика боюнча методист окутуучулары катышышып келишет. Ошондой эле онлайн режиминде айрым мектеп мугалимдери да катышышты.
Семинарда КӨЭАУнун профессору, п.и.к. Исаков Топчубай Эргешович күн тартибинде белгиленген «Окуу басылмаларынын түрлөрү жана аларга коюлуучу талаптар» деген темада кеңири баяндама жасап, кызыктуу талкуулар болду. Семинардын аягында экскурсия уюштурулуп, катышуучулар КӨЭАУнун материалдык-техникалык базалары менен таанышышып, өздөрүнүн жылуу пикирлерин айтышты.