Кыргызстанда жашаган Россия калкынын фестивалы өттү

2022-жылдын 29-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Оштогу орус үйү жана “Архангельскийдин” Оштогу филиалы менен биргеликте “Кыргызстанда жашаган Россия жарандарынын фестивалын” өткөрдү.
Фестивалдын башында КӨЭАУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, Россия кызматташтыгынын өкүлү С.В.Бучнева, Ош шаардык мэриясынын өкүлү куттук айтып, жалпы катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Аталган иш чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин, Ош шаарындагы Ныязалы атындагы музыкалык орто окуу жайы, ОшМПУнун, ОшМУнун Конфуций институту, “Светоч” православдык-чиркөө мектеби, № 16- кесиптик лицейи, “Илькаем” татар-башкыр улуттук маданий борбору, ОшМУнун филология факультети, “Шериктештик”, Макаренко атындагы № 6-мектеп –гимназия, “Грамотей”, “Илим”, “Эврика” жеке менчик мектептеринин таланттары катышты.
Соңунда уюштуруучулар тарабынан фестивалдын катышуучуларына грамота жана баалуу белектер тапшырылды.