КӨЭАУнун жетекчилери Казань шаарында өткөн эл аралык форумга катышып келди

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилери 24-26-ноябрь күндөрү Татарстан Республикасынын Казань шаарындагы Казань инновациялык университетинде өткөн “Эфективдүү менеджмент системасы: туруксуз шарттардагы туруктуу сапат” аталышындагы X эл аралык илимий практикалык форумга катышып келишти.
Аталган форумдун жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич “Эл аралык байланыштар университеттердин өнүгүүсүнүн негизги фактору катарында (КӨЭАУнун кыргыз, орус байланыштарынын мисалында)” деген темада доклад жасады.
Форумдун соңунда окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн колго алып, илим изилдөөлөрүнө шарт түзүп, билим берүү тармагында биргелешип иш алып баруу максатында Казань инновациялык университети менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилери эки тараптуу кызматташтык келишимине кол койду.