Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

2022-жылдын 4-ноябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледждин, табигый жана гуманитардык сабактар бирикмеси тарабынан, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн алкагында “Тирүүлөр баркталмайын, өткөндөр даңкталбайт” аталышында тегерек стол уюштурулду.
Тегерек столго т.и.к. доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович жана колледждин директору ф- м.и.к. доцент Чолпон Абдуллаева директордун окуу жана тарбия иштери боюнча орун басарлары, бирикме башчылар, окутуучулар жана студенттер катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө кызыктуу баяндамалар жасалып, суроо, жооп, талкуулар менен коштолду.Тегерек стол жемиштүү, ийгиликтүү аяктады.