Заманбап шарт, татыктуу билим!

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасы мезгил талабына ылайык заманбап технологиялык жабдыктар менен толукталып, жаңыланып турат.
Бүгүн, ректор Абдилбает Асанович аталган саамалыкты улай эле университеттин айрым түзүмдөрүнө жана профсоюз уюмуна жаңы үлгүдөгү компьютерлерди тапшырып, жакынкы убакыт аралыгында университеттин бардык факультет, колледждериндеги аудиторияларга видеокѳзѳмѳл орнотуларын билдирди.
Окуу жайда окуу лабораториялары, стоматологиялык кабинеттер, интерактивдик доскалар, 3D мониторлор, видеокѳзѳмѳл орнотулган лекциялык залдар, атайын адистештирилген окуу лабораториялары, интернет түйүнүнѳ туташтырылган компьютердик класстар, студенттик ашканалар, студенттик жатакана, спорт зал, спорт аянтчалары жана манеждер, медициналык пунктар, автоунааларды оӊдоп-түзөө лабораториялары жана устаканалары, керектүү муляждар, фантомдор жана медициналык аспаптар студенттердин татыктуу билим алуусун камсыздап келет.