Ректор эки факультетте болду

КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, окуу иштери жана каржы боюнча проректор Алтынбек Зулпукаров гуманитардык-педагогикалык жана инженердик-технологиялык факультеттеринде болушту.
Эки факультеттин материалдык-техникалык базасын көрүп, факультеттерде жасалып жаткан иштер боюнча маалымат алып, материалдык базаны жакшыртуу боюнча декандардын ой-пикирлерин угушту.
Ректор Абдилбает Асанович студенттерге татыктуу билим берүү максатында бардык түзүмдөргө ар тараптуу колдоолор болорун билдирди. Мындан сырткары университеттин 30 жылдыгына карата өтүүчү иш чаралардын планына кыскача токтолуп, алдын ала даярдыктарды көрүүнү табыштады.