«Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун кезектеги илимий-методикалык семинары болуп өттү.

Семинарда илимий борбордун директору, п.и.к. Т.Э.Исаков “Кандидаттык (докторлук) диссертацияларды даярдоодо жана коргоодо КРнын УАКнын сайтын колдонуунун өзгөчөлүктөрү” деген темада кеңири баяндама жасап берди.
Ал коомдо санариптештирүү болуп көрбөгөндөй тездик менен өсүп, жашоо турмушка сүңгүп кирип бара жаткандыгын баса белгилөө менен угуучуларга диссертациялык иштерди даярдоо жана коргоого сунуштоодо интернет ресурстарын, анын ичинде сайттарды колдоно билүүнүн өзгөчөлүктөрүн демонстрациялап көрсөттү.
Борбордун ар бир мүчөсү КРнын УАКнын сайтына катталуусун жана бул сайт менен регулярдуу түрдө иштеп турууларын баса белгиледи.
Семинар суроо-жооптор жана кызыктуу талкуулар менен коштолду.