Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эс алуу борбору ачылды

    Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде мугалимдердин жана студенттердин окуудан сырткары маданий эс алуусун камсыздоо максатында атайын эс алуу борбору ачылды. Борбордун ачылышына университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, проректорлор, окутуучулар жана студенттер катышты.
Ректор Абдилбает Асанович борборду ачуунун негизги максаты мугалим менен студентин, жетекчилик менен ар бир кызматкердин эркин пикир алмашуусуна жетише турган достук аянтчасын түзүү экенине токтолуп, бул эркиндик аянтчасын ар бириңиздер туура пайдаланып, ушул жерден окуу жайыбыздын дүйнөдөгү топ университеттердин катарынан орун алышына жол ача турган жаңы идеялар жаралсын деген тилегин билдирди.
Аталган эс алуу борборунда – Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жалпы студенттери жана эмгек жамааты акысыз Wi-Fi түйүнүн, китеп, журналдарды пайдаланууга шарттар каралган. Ал эми борбордун тазалыгын, тартибин студенттик жаштар комитети көзөмөлдөйт.
и ещё 11
Все реакции:

Гулзат Омурбекова, Сыргак Сарыков и ещё 11