Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо борбору ачылды

Бүгүн, 6-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл университетинде квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо борбору ачылды. Бул борбор жергиликтүү жана чет өлкөлүк мекеме-уюмдардын адистерининин квалификациясын жогорулатып туруу менен бирге, жер-жерлерде кадрларды кайра даярдап, алардын квалификациясын жогорулатып турууга жөндөмдүү адистерди тарбиялап чыгарат. Керек учурда аларга усулдук көрсөтмөлөр берилип, борбор тарабынан атайын семинарлар өткөрүлүп турат. Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Исаков Топчубай Эргешович аталган борбордун ишин жетектейт.