КӨЭАУнун тарых-филология факультетине жаңы декан дайындалды

Факультеттин жалпы жамааты катышкан шайлоодо жетиштүү санда добуш алган педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жаннат Каденова тарых-филология факультетинин деканы кызматына дайындалды.
Тийешелүү буйрукка университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кол коюп, жаңы дайындалган жетекчини факультеттин жамаатына тааныштырды.