Илимий-методикалык семинар

Каржы-экономика факультетинин экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш кафедрасы тарабынан бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнө карата “ «Санариптик экономикада бухгалтердик эсепти, аудитти өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги» темасында илимий-методикалык семинар болуп өттү.
Аталган семинарда «Даӊк” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, 3 монография, 2 китеп, 100дөн ашуун илимий макалалардын автору, экономика илимдеринин доктору, профессор Исраилов Мукаш Исраилович, окутуучулардын жана студенттердин кызыгуусун арттырган мыкты баяндамасын жасап, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Соңунда экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Айнура Абжамилова илимий-методикалык семинар максатына жеткенин айтып, лекторго ыраазылыгын билдирди.