“Физика жана мен” аталышында физика жумалыгы старт алды

Бүгүн, 15-апрелде кесиптик колледждин математика жана табигый сабактар бирикмеси тарабынан физика жана астрономия предмети боюнча “Космонавтика” күнүнө карата “Физика жана мен” аталышында физика жумалыгы старт алды. Аталган жумалыктын ачылышы өтүп, анын алкагында физика предметинен орус тил адистигинде билим алып жаткан 1-курстардын арасында “Шайыр тапкычтар” оюну болуп өттү.
Студенттердин физика астрономия предметине болгон кызыгуусун арттыруу айлана-чөйрөгө болгон көз карашын жана логикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жаткан бир жумалык иш-пландын алгачкы иш чарасы 1-курсттун студенттери үчүн кызыктуу болгонун билдиришти.
Беш баскычтан турган “Шайыр тапкычтар” оюнунда калыстар тарабынан катышкан командалардын аткаруу чеберчилиги, тандап алган тематикасы бааланып, жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланды.