Кесиптик колледжинин биринчи курстарын “Студенттикке кабыл алуу” аземи болуп өттү.

Аземдин башталышында университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, кесиптик колледжинин директору Чолпон Абдуллаева жана мурдагы директору Исманали Бакиров куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, 1-курстарга окуу китепчелери тапшырылды.
Андан соң 1-курстар ант берип, майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду.
Иш чаранын жүрүшүндө окуудагы жана маданий-массалык, спорттук иш чараларда ийгилик жараткан 1-курстун студенттери грамота менен сыйланышты.